Текст песни Нурила - Баары акча

Баары акча

Акчаң болсо темирди бурайсың да

Акчаң жокто арманга кулайсың да

Акча гана сүйлөгөн бул заманда

Асылдыктар жөнүндө сурайсың да

Төрөт үйдө көз ачкан кезиң АКЧА

Сүйүүң АКЧА, мамиле, сезим АКЧА

Каректерде көр дүйнө чагылышып

Карап турган жасалма көзүң АКЧА

АКЧА менен табышып эки жүрөк

АКЧА менен махабат кечи күйөт

Күбүп салып табигый бетибизди

Бүткүл жерде АКЧАнын БЕТИ жүрөт

Послушать илиСкачать песню в Mp3